# 31-берене. Алгачкы медициналык-санитардык жардам

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 31-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-31

---

1. Алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болгон медициналык тейлөөнүн негизги түрү болуп саналат.

2. Алгачкы медициналык-санитардык жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) кыйла кеңири тараган дарттарды аныктоону, дарылоону жана башкарууну, калктын максаттуу топторун алдын алуучу текшерүүлөрдү, тобокелдик факторлорун эрте аныктоону жана аныкталган факторлорду азайтуу көндүмдөрүнө үйрөтүүнү, иммундаштырууну, кош бойлууларга жана төрөгөн аялдарга төрөттөн кийинки мезгилде, балдардын өсүүсүндөгү кечигүүлөрдү жана бузулууларды эрте аныктоо үчүн ымыркайларга жана жаш балдарга байкоо жүргүзүүнү;

2) бүткүл жашоо цикли бою ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн, коомдоштуктун ден соолугун коргоону жана чыңдоону жана үй-бүлөлүк дарыгердин же жалпы практикадагы дарыгердин мультидисциплинардык команданын иши менен интеграцияланган жумушуна негизделген;

3) ооруканага чейинки өтө шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү (жардам көрсөтүү жана жеткирүү менен дарыгерге чейинки жана/же медициналык тез жардам);

4) менчигинин түрүнө карабастан ар кандай саламаттык сактоо кызматтарынын өз ара байланышын камсыздоону, бейтаптарды адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерге, медициналык-социалдык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча кызматтарга жөнөтүүнү.

3. Жеке жактар алгачкы медициналык-санитардык жардам алуу үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына бекитилет. Жеке жакты алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга бекитүү медициналык жардам алууга укугун ишке ашыруу жана саламаттык сактоо уюмдарынын акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында медициналык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-32)
