# 29-берене. Өтө шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 29-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-29

---

Жарандарга өтө шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:

1) жеринде болгон медициналык кызматкерлердин эсебинен ооруканага чейинки өтө шашылыш жардам кызматы тарабынан (врачка чейинки медициналык жардам, ошондой эле бейтапты жеткирүүгө жардам көрсөтүү жана стационарга бара жаткан жолдо медициналык жардам көрсөтүү (фельдшерлер же дарыгерлер бригадалары менен шашылыш медициналык жардам);

2) өтө шашылыш ооруканалык жардам көрсөтүү аркылуу райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги түзүлгөн жана жабдылган ар бир стационарда, өтө шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тармактар аралык бөлүмдөрүндө (ӨМЖБ);

3) консилиумдар тарабынан, анын ичинде телемедицинанын жана башка маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу, санитардык авиация кызматы, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын куткаруу кызматы тарабынан өтө шашылыш консультативдик медициналык жардам көрсөтүү аркылуу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-30)
