# 26-берене. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=1939..15886>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 26-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-26

---

1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан ушул программага катышкан саламаттык сактоо органдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүнүн көлөмүн, түрлөрүн жана шарттарын, анын ичинде саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары-дармектер менен жардам берүүнү аныктайт.

3. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каржылоонун көлөмү тиешелүү бюджеттерди бекитүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленет.

4. Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-27)
