# 25-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ассоциациялары (бирликтери)

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 25-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-25

---

1. Саламаттык сактоо уюмдары, кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар ишти координациялоо, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоо максатында өз ара түзүлгөн келишим боюнча коммерциялык эмес ассоциациялар (бирликтер) түрүндө бирикмелерди түзө алат.

2. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирликтерге) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча анын айрым ыйгарым укуктары өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Ассоциацияларды (бирликтерди) колдоо айрым коомдук пайдалуу программаларды мамлекеттик максаттуу каржылоо, саламаттык сактоо уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен мүчөлүк төгүмдөрү түрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түрлөрдө жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-26)
