# 24-берене. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 24-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-24

---

1. Медицина жана фармацевтика кызматкерлери медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин укуктарын коргоо, медициналык жана фармацевтикалык ишти өнүктүрүү, илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү, медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү максатында кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

2. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана ишин жүзөгө ашырат жана саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин ыктыярдуу бирикмесине негизденген коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат.

3. Мамлекеттик бийлик органдары кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ишине ар тараптуу жардам көрсөтөт.

4. Кесиптик медициналык, фармацевттик жана башка коомдук уюмдар жарандардын ден соолугун коргоону жана чыңдоону камсыз кылууга, сергек жашоо образын пропагандалоого өздөрүнүн уставдарына, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык катышат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-25)
