# 23-берене. Жарандык коом институттарын колдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 23-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-23

---

Жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) саламаттык сактоо маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышууга;

2) саламаттык сактоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышууга;

3) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, аны каржылоого, ошондой эле калк арасында кандын жана анын компоненттеринин кайтарымсыз ыктыярдуу донорлугун пропагандалоого жана өнүктүрүүгө катышууга;

4) белгиленген азыктарды, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн жана жайылтуучулардын көңүлүн анын талаптарына шайкеш келбеген ишке бурууга.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-24)
