# 183-берене. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 183-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-183

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында башка мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык кызматташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуусунун алкагында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн макулдашуулар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык жарандардын саламаттыгын сактоого жана медициналык жардам алууга укуктарын чектебеши керек.

---

Мурунку берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-182)  
Кийинки берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-184)
