# 181-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 181-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-181

---

1. Саламаттык сактоо уюмдары жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүдө алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу уюмдары менен ыктыярдуу түрдө келишим түзөт.

2. Зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруунун тартиби жана шарттары камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүдө алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда, камсыздандыруу уюмдары жарандарга же алардын үй-бүлөлөрүнө врачтын катасынын кесепетинен тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берет.

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-182)
