# 178-берене. Жарандардын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 178-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-178

---

Жарандар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

1) санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы, алардын ден соолугуна же айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келүүчү айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн;

2) айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жугуштуу жана коркунучтуу илдеттери болгондо байкоо жүргүзүүдөн жана дарылануудан качкандыгы үчүн;

3) өздөрүнүн ден соолугуна жана жашы жете элек балдардын, кош бойлуу аялдардын ден соолугуна карата медициналык жазма буйруктарды аткарбагандыгы үчүн;

4) медициналык тез жардамды жалган чакыргандыгы үчүн.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-179)
