# 173-берене. Жеке медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 173-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-173

---

Жеке медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) иштин тиешелүү түрүнө лицензиясынын болушуна;

2) өмүрүнө коркунуч келген абалда турган бардык жарандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө;

3) ишинин профилине ылайык квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө;

4) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди, эрежелерди сактоого;

5) менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө;

6) бейтаптардын кабардар болушун жогорулатууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга көмөк көрсөтүүгө;

7) жарандарга алардын ден соолугунун абалы жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө;

8) бейтаптардын медициналык документтерин жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формалар боюнча билдирүүлөрдү жана отчетторду берүүгө;

9) врачтык сырды сактоого.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-174)
