# 171-берене. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 171-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-171

---

1. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер өз ара урматтоого жана ишенимге, бейтаптын өз эркин билдирүү укугуна негизделет.

2. Медицина кызматкери бейтапты же анын мыйзамдуу өкүлүн медициналык кийлигишүүдө, ошондой эле медициналык кийлигишүүдөн баш тарткан учурда мүмкүн болуучу тобокелдик жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. Ар кандай медициналык кийлигишүү бейтаптын дене бойлук жана психикалык абалы ага акыл-эси менен чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербеген учурларды же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка учурларды кошпогондо, оорулуунун макулдугу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-172)
