# 160-берене. Медициналык жардам көрсөтүүдөгү медицина кызматкерлеринин көз карандысыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 160-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-160

---

1. Медицина кызматкери медициналык жардам көрсөтүүдө өзүнүн чечимдеринде көз карандысыз жана медициналык көрсөткүчтөрдү, дарыгердик парзды жана мыйзамды гана жетекчиликке алат.

2. Врачтык комиссиянын чечими менен пикири дал келбеген медицина кызматкери өз корутундусун берүүгө укуктуу, ал медициналык документтерге тиркелет.

3. Бейтаптын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралган учурда, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамды түзөтүү максатында медицина кызматкеринин аракеттерине башка медицина кызматкери кийлигишүүсү мүмкүн.

4. Өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырууда медицина кызматкерлери алмаштырылгыс. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлерин медициналык жардам көрсөтүүдөн четтетүүгө эч кимдин укугу жок.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-161)
