# 158-берене. Медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 158-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-158

---

1. Кызмат адамдары жана жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда, медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) оорулуу турган жерге баруу же болбосо аны жакын жердеги саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ошол жагдайда болгон транспорттун кандай болбосун түрүн пайдаланууга;

2) ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга же жарандарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз жана акысыз колдонууга.

2. Медицина кызматкеринин транспортту, байланыш каражаттарын берүү жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан учурда кызмат адамы же транспорт каражатынын ээси бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

3. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-159)
