# 157-берене. Дарылоочу врач

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 157-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-157

---

1. Дарылоочу врач - саламаттык сактоо уюмдарында бейтапка байкоо жүргүзүү жана дарылоо мезгилинде ага медициналык жардам көрсөтүүчү врач. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач болушу мүмкүн.

2. Дарылоочу врач бейтаптын же саламаттык сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Бейтап дарылоочу врачты алмаштырууну талап кылган учурда, саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандоого көмөк көрсөтүүгө тийиш.

3. Бейтап тарабынан саламаттык сактоо уюмунун жазма буйруктары же ички тартибинин эрежелери сакталбаган учурда, эгерде бул бейтаптын өмүрүнө жана айланасындагылардын ден соолугуна коркунуч келтирбесе, дарылоочу врач саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамы менен макулдашуу боюнча бейтапка байкоо жүргүзүүдөн жана дарылоодон баш тартышы мүмкүн.

4. Бейтаптардын туугандары мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге жөнү жок кийлигишүүгө укуксуз.

5. Зарыл болгон учурда дарылоочу врач врачтардын консилиумун чакыра алат.

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-158)
