# 156-берене. Медициналык дипломдон кийинки билим

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=39984..47553>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 156-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-156

---

1. Интернатура - билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык базалар катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылуучу такшалманын программаларын ишке ашыруу. Интернатуранын программалары тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат. Кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө такшалмадан өткөндөн кийин адистик ыйгарылат.

Интернатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген алардын квалификациялык деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Мамлекеттик заказды берүүнүн, окууга кабыл алуунун жана медициналык кадрларды интернатурада окутуунун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

2. Ординатура - ординатуранын программаларын ишке ашыруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын аккредитацияланган клиникаларында, ошондой эле ординатуранын базалары катары аккредитацияланган республикалык жана (же) илимий борборлордо, илимий-изилдөө институттарында жүзөгө ашырылат. Ординатуранын программалары медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат, алардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Ординатураны аяктагандан кийин кесиптик даярдыгын баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө адистик ыйгарылат. Ординатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген квалификациянын деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Мамлекеттик заказды берүүнүн, ординатурада медициналык кадрларды окутууга кабыл алуунун жана даярдоонун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-157)
