# 155-берене. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2026 [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993); 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=39984..47553>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 155-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-155

---

1. Медицина жана фармацевт кадрларын даярдоо үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык жана фармацевттик билим берүү программалары боюнча жүзөгө ашырылат. Медициналык жана фармацевттик иш процессинде медициналык жана фармацевттик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү төмөнкүдөй жол менен ишке ашырылат:

1) медициналык жана фармацевттик билим берүү уюмдарынын программалары боюнча үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо;

2) медицина жана фармацевт кызматкерлеринин өз билимдерин дайыма толуктоосу жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүсү;

3) өзүнүн кесиптик билимдерин өркүндөтүүнү каалаган медицина жана фармацевт кызматкерлерин мамлекет тарабынан колдоо.

2. ЖОЖдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүү интернатураны/ординатураны, магистратураны, аспирантураны жана докторантураны камтыйт.

3. Саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кошумча билимдин жана көндүмдөрдүн көлөмүн алуусу кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын лицензиянын негизинде ишке ашыруучу жана мамлекеттик аккредитациядан өткөн уюмдарда кошумча билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү тартиби, саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга коюлуучу квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-156)
