# 154-берене. Медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууга чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 154-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-154

---

1. Медициналык жана фармацевттик иш кесиптик билимди бейтаптын ден соолугуна зыян келтирүү үчүн же кылмыштуу максаттарда пайдаланууга туура келбейт.

2. Медициналык же фармацевттик иш менен төмөнкүлөр алектене албайт:

1) медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн мурда соттолгон адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттолгону толук жоюлганга чейин;

2) медициналык же фармацевттик иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза берилген адам соттун чечими менен белгиленген мезгилдин ичинде;

3) сот тарабынан аракетке жарым-жартылай же толук жөндөмсүз деп таанылган адам;

4) медициналык, биологиялык, фармацевттик билими жок адам жана "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоодон өтпөгөн адам.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-155)
