# 152-берене. Медициналык иштин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 152-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-152

---

1. Медициналык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) адамга жынысына, жаш курагына, улуттук жана расалык таандыктыгына, социалдык абалына, саясий жана диний көз караштарына, дин тутуусуна, тилине жана дүйнөгө көз карашына карабастан медициналык жардам көрсөтүү;

2) сергек жашоо образын жайылтуу;

3) алдын алуу иш-чараларын уюштуруу;

4) кесиптик сапаттарды жакшыртуу жана медициналык тажрыйба топтоо;

5) саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу;

6) медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулук иш;

7) медициналык илимий-изилдөө уюмдарындагы илимий-изилдөө иши.

2. Медицина кызматкери иштеген медициналык мекеменин менчигинин түрүнө карабастан, ал коомдук саламаттык сактоо жаатындагы кесиптик жана коомдук уюмдар, социалдык өнөктөштөр жана бийлик органдары менен кызматташа алат.

3. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлери фармацевттик иш менен алектенүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-153)
