# 141-берене. Тең төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 141-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-141

---

1. Калк саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоонун көлөмүнөн ашык көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарга акы төлөөгө катышат.

2. Тең төлөөнүн деңгээли саламаттык сактоонун мамлекеттик секторун каржылоонун көлөмүнө жараша белгиленет жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Тең төлөө каражаттарын киргизүүнүн жана пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Калк тарабынан төлөнүүчү тең төлөөнүн каражаттары дарылоо-диагноздоо процесстерине жана бейтаптардын тамак-ашына байланышкан иш-чараларга түздөн-түз пайдаланылат жана алып коюуга, салык салууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-142)
