# 140-берене. Саламаттык сактоо тутумунун каражаттарын пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 140-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-140

---

Саламаттык сактоо тутумунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

1) калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;

2) саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларына;

3) саламаттык сактоонун мамлекеттик кызматтарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана карап күтүүгө;

4) саламаттык сактоо тутумунун кадрларын даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга;

5) медицина жана фармацевт илимдерин өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин ишке киргизүүгө;

6) инфекциялык оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга;

7) алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө;

8) диагноздоо иш-чараларын өткөрүүгө;

9) инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын өнөкөт түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарды дарылоого жана реабилитациялоочу иш-чараларды өткөрүүгө;

10) саламаттык сактоонун артыкчылыктуу тармактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

11) онкология жаатындагы адистерди даярдоого, анын ичинде чет өлкөдө дагы даярдоого;

12) медициналык препараттарды жана медицина багытындагы буюмдарды сатып алууга;

13) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгымдарга.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-141)
