# 133-берене. Психикалык саламаттыкка соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 133-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-133

---

1. Жарандарга соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза саламаттык сактоонун бул максатка багытталган мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарында жүргүзүлөт.

2. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнү дайындаган органга эксперттик комиссиянын курамына тиешелүү врач-адисти анын макулдугу боюнча киргизүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.

3. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-134)
