# 132-берене. Аскердик-врачтык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 132-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-132

---

1. Аскер кызматына чакырылууга тийиш болгон жарандарга аскердик-врачтык экспертиза аталган жарандардын аскер кызматына жарактуулугун аныктоо үчүн, ошондой эле жарандардын аскердик же атайын кызматты өтөөсүнө же болбосо аскердик машыгууларда болуусуна байланыштуу мертинүүсү (жарадар болуу, жаракат, контузия алуу), оорулары менен себептик байланышын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

2. Аскердик-врачтык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Аскердик-врачтык комиссиянын корутундусуна макул болбогондо жаран ушул Мыйзамдын 134-беренесинде каралган тартипте альтернативдик аскердик-врачтык экспертиза жүргүзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-133)
