# 129-берене. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууну, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоону жана алмаштырууну жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 129-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-129

---

1. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоого жана трансплантациялоого мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана уруксат берилет.

2. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоого адистештирилген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарында уруксат берилет.

3. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууну, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеги, ага тете алардын ишинин эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-130)
