# 128-берене. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 128-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-128

---

1. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) органдын иштөөсү жетишсиздигинде;

2) донордук органдар (органдын бөлүгү) жана (же) ткандар (ткандын бөлүгү) жок болсо;

3) жасалма органдарды жана ткандарды трансплантациялоо үчүн каршы көрсөтмөлөр болбогон учурда.

2. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо үчүн көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Жасалма органдары (органдын бөлүгү) жана (же) ткандары (ткандын бөлүгү) бар Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттеринин каттоосуна саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте киргизилет.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-129)
