# 123-берене. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=25915..39984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 123-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-123

---

1. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмашууда;

2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына шашылыш жардам көрсөтүүдө;

3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.

3. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 2. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-124)
