# 119-берене. Мамлекет тарабынан донордун укуктарын камсыздоо кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 119-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-119

---

1. Мамлекет донорго анын укуктарын коргоого, донордук функциясын аткарып жаткан учурда өмүрүн жана ден соолугун сактоого кепилдик берет, ошондой эле ага социалдык кепилдиктерди берет.

2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары донорго кан жана анын компоненттерин алуунун шарттары жана тартиби, канды жана анын компоненттерин берген учурда анын ден соолугунун сакталышына кепилдиктер тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

3. Кан жана анын компоненттерин берүүнүн алдында донорду медициналык жактан текшерүү жана анын ден соолугунун абалы тууралуу маалымкат берүү акысыз жүргүзүлөт.

4. Донордук функцияны аткарган учурда өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын, анын ичинде дарылоого, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө, социалдык-эмгектик жана кесиптик реабилитациялоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Донордук функцияларын аткарууга байланыштуу алган донордун майыптуулугу жумуш учурунда алган залалдын кесепетинен пайда болгон майыптуулукка теңештирилет.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-120)
