# 116-берене. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, байланышта болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 116-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-116

---

1. АИВ-инфекциясын жуктурган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана ырасталбаган диагнозу бар АИВ-инфекциясын жуктурган энелерден төрөлгөн балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында динамикалык байкоого алынууга жана дары каражаттары менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда камсыз кылынууга тийиш.

2. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө жана эркиндиги чектелген, соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жарандыгы жок адамдарга, кармалган, камакка алынган жана атайын мекемелерге жайгаштырылган адамдарга медициналык жардам ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-117)
