# 115-берене. Инфекциялык оорудан жабыр тарткан адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 115-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-115

---

1. Инфекциялык оорулууларга (чоңдорго жана балдарга) медициналык жардам көрсөтүү клиникалык протоколдордун негизинде медициналык жардамдын түрлөрү жана формалары боюнча медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибине ылайык уюштурулат.

2. Медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча иштелип чыгат.

3. Клиникалык протоколдор медициналык кесиптик коммерциялык эмес уюмдар тарабынан айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасында каралган медициналык кызматтарды көрсөтүү менен иштелип чыгат.

4. Ар бир оору, абал (оорулардын, абалдардын топтору) боюнча чоңдор жана балдар үчүн тиешелүү түрдө бирден көп эмес клиникалык протокол жактырылышы жана бекитилиши мүмкүн, ал үч жылда бирден кем эмес жолу кайра каралат.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-116)
