# 114-берене. Инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн мамлекеттин кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 114-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-114

---

1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

1) инфекциялык ооруларды дарылоо боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүгө;

2) Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык жардам көрсөтүүгө жана дары-дармек менен камсыздоого;

3) социалдык жана укуктук коргоого, ошондой эле оорунун мүнөзүнө байланыштуу басмырлоонун кандайдыр бир түрлөрүнө жол бербөөгө.

2. Кургак учук менен ооруп калган адамдарга мамлекет Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кургак учукка каршы препараттарды акысыз берүүгө кепилдик берет.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-115)
