# 11-берене. Саламаттык сактоо уюмдары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 11-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-11

---

1. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн типтери, деңгээлдери жана түрлөрү боюнча классификацияланат.

2. Саламаттык сактоо уюмдарын тиби боюнча классификациялоо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына негизделген.

3. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүдөй түрлөргө ажыратылат:

1) Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик уюмдар;

2) башка мамлекеттик башкаруу органдары жана ведомстволор тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;

4) жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары.

4. Саламаттык сактоо уюмдарын деңгээли жана түрү (негизги жана кошумча) боюнча классификациялоо алардын ишинин багыттарына негизделген. Саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруучулук-укуктук формасы, деңгээлдери жана түрлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана уюмдаштыруу документтеринде чагылдырылат.

5. Саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү уставдары (жоболору) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

6. Саламаттык сактоо уюмдары бири-бири менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик мамилелерди түзүшөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-12)
