# 107-берене. Хирургиялык стерилдештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 107-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-107

---

1. Медициналык стерилдештирүү адамдын тукумду арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында медициналык кийлигишүү катары же контрацепция методу катары саламаттык сактоо уюмдарында ушул операциянын кайра артка ордуна келбестиги жөнүндө милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү менен гана, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт.

2. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча, эгерде мындай адам өзүнүн абалы боюнча өз эркин билдирүүгө жөндөмсүз болсо, медициналык стерилдештирүү мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын катышуусунда кабыл алынган соттун чечими боюнча мүмкүн болот.

3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары жана тартиби, ошондой эле стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-108)
