# 101-берене. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 101-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-101

---

1. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кант диабети менен ооруган адамдар жөнүндө маалыматты автоматтык жол менен эсепке алууну жана каттоону камсыз кылуу, кант диабети менен ооруган, кант диабети өтүшүп кеткен, майыптуулуктун жана өлүмдүн, дарылоо-алдын алуу чараларынын натыйжалуулугунун фактылары жөнүндө системалуу жана так маалыматтарды алуу, кант диабети менен ооруган адамдардын диабетке каршы препараттарга, инсулин куюу каражаттарына, өзүн-өзү контролдоо жана кыймылдоо каражаттарына, протездерге, ортопедиялык бут кийимге жана батектерге болгон муктаждыгын аныктоо максатында түзүлөт.

2. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) учурдагы мезгилде кант диабети менен ооругандардын абалы жөнүндө маалыматтардын зарыл болгон банкын түзүүнү;

2) диабетке каршы кымбат баалуу препараттарды, аларды куюу, дартын аныктоо жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарын сатып алууга анык өтүнмөлөрдү түзүүнү.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-102)
