Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 23-январы № 16 Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын Кыргыз Республикасында филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачпастан банк эсептерин ачуунун жана тейлөөнүн моделин апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоор 2024-жылдын 1-февралынан тартып 2025-жылдын 31-январына чейинки мезгилде жүргүзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Евразиялык Сактык Банкы" ачык акционердик коому (мындан ары - "Евразиялык Сактык Банкы" ААК) жана "Керемет Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - "Керемет Банк" ААК) пилоттук долбоорду ишке ашыруучу финансы-кредиттик уюмдар катары аныкталсын.
4. "Евразиялык Сактык Банкы" ААКка жана "Керемет Банк" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк юридикалык жактардын банк эсептерин ачуунун жана тейлөөнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну андан ары киргизүү менен өткөрүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча талдоо жүргүзүү;
3) юридикалык жана жеке резидент эмес жактар менен иштөөдө террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон жана иш жүргүзбөгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты, филиалды же өкүлчүлүктү түзүүнү пландабаган юридикалык жактарга карата гана жол берилет деп белгиленсин. Юридикалык жана жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө талап юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүлөрүн жеткирүүчүлөр менен операцияларына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Временное положение · 23.01.2024 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 16 "Кыргыз…Постановление · 31.07.2024 · № 439
- КР Министрлер Кабинетинин 31.07.2024 ж. №439-токтомуПостановление · 31.07.2024 · № 439
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.