# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000908)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 января 2025 года № 12 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики на 2024 год и плановый период 2025-2026 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021002)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000908#diff=1912..25259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000908/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5259/edition/1912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000908/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, 6-берене (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000908/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2024-жылга - 12230161,7 миң сом;

2) 2025-жылга план - 23596628,0 миң сом;

3) 2026-жылга план - 23978751,5 миң сом.

ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2024-жылга - 5045951,0 миң сом;

2) 2025-жылга план - 4905768,3 миң сом;

3) 2026-жылга план - 5101093,5 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын. (КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000908/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000908/st-7)
