# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230000904/edition/1905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (20.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000904

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 20-декабры ПЖ № 347 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик үлүш катышкан айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"51. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.";

- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыккан чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
