Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 115 Жарлыгына ылайык) жобо
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 115 Жарлыгына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158, 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347, 2025-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 359 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары - Улуттук агенттик) бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, экспортту илгерилетүү, инвесторлорду коргоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансы уюмдары менен кызматташуу, үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Улуттук агенттик "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Улуттук агенттик өзүнүн компетенциясынын алкагында координациялоо функцияларын, ачык-айкындуулук жана маалыматка эркин жетүүнүн негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аналитикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү өз алдынча жана көз карандысыз жүзөгө ашырат.
5. Улуттук агенттик компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулугу, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
51. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Улуттук агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү бар. Улуттук агенттик жеке өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Улуттук агенттиктин обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
8. Улуттук агенттиктин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
- расмий тилде: Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики;
- англис тилинде: National Investment Agency under the President of the Kyrgyz Republic.
9. Улуттук агенттиктин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИУА";
- расмий тилде: "НАИ".
10. Улуттук агенттиктин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1.
2. Улуттук агенттиктин максаттары
11. Улуттук агенттиктин максаттары Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү аркылуу экспорттоочуларга товарларды тышкы рынокторго чыгарууга жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү, инвесторлорго жардам берүү, коргоо жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Улуттук агенттиктин милдеттери
12. Улуттук агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө;
- эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эл аралык экономикалык жана финансылык институттар, чет өлкөлүк өкмөттүк, финансы уюмдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартууга көмөктөшүү;
- инвестициялык долбоорлорду, анын ичинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун базасында ишке ашыруунун жүрүшүнө системалуу мониторинг жүргүзүүнүн негизинде өлкөнүн экономикасына тартылуучу чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, ошондой эле экспорт боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүргүзүүдө келип чыгуучу инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү.
4. Улуттук агенттиктин функциялары
13. Улуттук агенттик жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
а ) тармактык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары:
- инвестициялык иш, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген максаттар жана милдеттер боюнча башка мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карайт жана корутунду берет;
- ата мекендик ишканаларга инвесторлорду издөөгө жана алар менен инвестициялык келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга тартуу максатында потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу боюнча чараларды көрөт;
- инвестициялык саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду максаттуу издөөнү жүргүзөт;
- инвестициялык долбоорлорду демилгелөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык долбоорлордун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт, андан кийин алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйынтыктардын экономикалык натыйжалуулугун баалайт;
- инвесторлор үчүн "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча саясатты ишке ашырат;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестициялык аянтчаларды жана жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча эл аралык донордук уюмдар жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенет жана көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө эл аралык оң тажрыйбаны киргизет, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн потенциалын консолидациялайт;
- эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана институттар, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик өнөктөш катары аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык потенциалды издөө, инвестициялык ишти кеңейтүү боюнча республиканын региондоруна талдоо жүргүзөт;
- компетенттүү жана талап кылынган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор үчүн инвестициялык виза режимин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттин инвестициялык потенциалын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын союздарга жана программаларга мүчөлүгүн баалайт жана талдайт;
- капиталдаштыруу, активдердин өтүмдүүлүгү, тажрыйбасы жана аброю (компаниялардын рейтингдери) боюнча инвестициялык долбоорлорго экспертиза жүргүзөт;
- тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, инвестициялык макулдашууну түзөт;
- инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана долбоорлору жөнүндө маалыматтарды потенциалдуу инвесторлордун жана башка кызыкдар тараптардын арасында жайылтат;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ошондой эле алар боюнча зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун ишин координациялайт;
- инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча макулдашууларды жана келишимдерди түзүү, алардын натыйжалуулугу, экономикалык максатка ылайыктуулугу, ишке ашырыла тургандыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги предметине карата сунуштарга экспертиза жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жана алардын иштеши боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип инвесторлордун даттанууларын кароону жүзөгө ашырат;
- Инвесторлордун даттанууларынын реестрин жүргүзөт жана Реестрде катталган инвесторлорду андан ары коштойт;
- тышкы иштер чөйрөсүндө жана тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген компетенттүү чет өлкөлүк субъекттерге жана жарандыгы жок жактарга "I" тибиндеги инвестициялык визаларды (investment visa) берүү жөнүндө өтүнүч берет;
- миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген чет өлкөлүк жарандарга (Кыргыз Республикасы менен чектешкен өлкөлөрдөн тышкары) убактылуу жашоого уруксаттарды берүү жөнүндө өтүнүч берет;
б) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- инвестициялык макулдашууларды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка инвестициялык долбоорлорун жана программаларын иштеп чыгуу, макулдашуу жана түзүү процессин борборлоштурулган тартипте координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, алардын чечимдеринин объективдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо позициясында талдайт;
- инвестициялык циклдин ар бир этабында инвесторлорду коштоо боюнча ишти уюштурат, бюрократиялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча, анын ичинде инвестициядан кийинки мезгилде келип чыккан уюштуруу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 Имплементациялоочу регламентине ылайык экспорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө эксперттик диагностика жана баалоо жүргүзөт;
- Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 Имплементациялоочу регламентине ылайык чет өлкөлүк импортточуларга ата мекендик продукциялар жөнүндө маалымдайт;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товардык белгилерин илгерилетүү боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- катталган экспорттоочулардын системасын (REX) башкарууну, ошондой эле бул системанын маалымат базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттоону жүзөгө ашырат;
- жеке демилгеси боюнча же импорттоочу тараптын компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча жер-жерлерде текшерүүнү кошо алганда, келип чыгуу декларациясында/арызында көрсөтүлгөн товарлардын келип чыгуу шайкештигине верификациялоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген келишимдерди жана макулдашууларды түзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
в) колдоо функциялары:
- инвесторлордун, инвестициялык долбоорлордун, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун маалымат базасын түзөт;
- инвесторлор менен "бирдиктүү терезе" принциби боюнча өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматтарды даярдайт жана таратат;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуштарды даярдоо үчүн көз карандысыз консультанттарды, анын ичинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун, башка эл аралык уюмдардын жана фонддордун каражаттарынын эсебинен тартат;
- потенциалдуу инвесторлорго юридикалык, экономикалык жана конкреттүү иштерге байланыштуу башка маселелер боюнча консультация берет;
- инвесторлорго ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүү тартибине байланышкан зарыл болгон маалыматтарды берет жана тиешелүү жардам көрсөтөт;
- кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн колдонуудагы жана потенциалдуу долбоорлору жөнүндө маалымат берет;
- мамлекеттик өнөктөштөргө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча консультация берет;
- мамлекеттик өнөктөштөргө жергиликтүү рынокто жана чет өлкөлөрдүн рынокторунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү боюнча колдоо көрсөтөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылат, жогоруда аталган Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- негизги фонддорду технологиялык жаңылоо жана инновациялык продукцияны өндүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт;
- иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлордун, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашууларынын тараптарынын проблемаларын алардын мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы расмий өкүлчүлүгү аркылуу чечүүгө көмөк көрсөтөт, эгерде алар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын жана өкүлдөрүнүн мыйзамсыз же тоскоолдук келтирген иш-аракеттерине туш болушса;
- экспортту илгерилетүү, инвестициялык потенциалды жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Улуттук агенттиктин иши менен байланышкан консультацияларды, жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, форумдарды, коомдук талкууларды жана башка уюштуруучулук жана маалыматтык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан келип чыгуучу башка функцияларды аткарат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Улуттук агенттиктин укуктары
14. Улуттук агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- Улуттук агенттиктин иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыккан чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- белгиленген тартипте келишимдик негизде эл аралык жана кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору жана инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары боюнча каржылоо, кредиттөө, гарантияларды жана кепилдиктерди берүү үчүн тартууга;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча иш жүргүзгөн эл аралык уюмдар жана институттар, ошондой эле коомдук коммерциялык эмес уюмдар жана башка бирикмелер, ассоциациялар жана фонддор менен кызматташууга, анын ичинде илимий жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тартылган эксперттердин жана консультанттардын ишин каржылоо үчүн кызматташууга;
- жумуштарды аткарууга заказдарды жайгаштырууда мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте өз компетенциясынын чегинде бүтүмдөрдү жасоого;
- кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагына командировкага жиберүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, анын ичинде Улуттук агенттиктин каражаттарынын эсебинен окутууга;
- Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берүү, Улуттук агенттиктин кызматкерлерин окутуу жана түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;
- өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Улуттук агенттиктин өзүнө бекитилген мүлктү жана сметага ылайык ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
6. Улуттук агенттиктин ишин уюштуруу
16. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын 11рсзидснтине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баш иет.
17. Улуттук агенттиктин ишин жетектөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Улуттук агенттиктин башчысы жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Улуттук агенттикте Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынын кызмат орундары каралат, алар Улуттук агенттиктин башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары болуп англис же башка чет тилин эркин билген адамдар дайындалат. Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары Улуттук агенттиктин башчысына түздөн-түз баш иет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат. (КР Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы ;№ 359 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Улуттук агенттикте ага караштуу ведомстволук мамлекеттик мекеме жана бир катар эркин экономикалык зоналар иштейт.
20. Улуттук агенттиктин башчысы жок болгондо анын милдеттерин Улуттук агенттиктин орун басарларынын бири аткарат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Агенттиктин кызматкерлери, Улуттук агенттиктин башчысынан, Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынан, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин жана эркин экономикалык зоналардын кызматкерлеринен тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелет. Улуттук агенттиктин башчысы, Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат орундарына кирет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Улуттук агенттиктин башчысы:
- Улуттук агенттиктин жалпы жана күндөлүк ишин жетектейт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана ишканалар, чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансы институттары менен болгон мамилелерде өз ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук агенттиктин атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- эл аралык келишимдерге, инвестициялык макулдашууларга, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка келишимдерге жана документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Улуттук агенттиктин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- ведомстволук мамлекеттик мекеме жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө берет;
- ведомстволук мамлекеттик мекеменин жетекчисин, эркин эконимикалык зоналардын башкы директорлорун кызматка дайындоо жана ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте киргизет;
- Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, Улуттук агенттиктин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана өзгөртүлүшү мүмкүн болгон Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын, анын ведомстволук мамлекеттик мекемесинин түзүмүн бекитет;
- белгиленген чектик штаттык сандын чегинде Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын, анын ведомстволук мамлекеттик мекемесинин штаттык расписаниесин бекитет;
- Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Улуттук агенттиктин ведомстволук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин сунушу боюнча Улуттук агенттиктин ведомстволук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Улуттук агенттиктин бардык кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Улуттук агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат;
- Улуттук агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат;
- Улуттук агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Улуттук агенттиктин ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
7. Финансылык жана чарбалык иши
23. Улуттук агенттик өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- мамлекеттин менчигинде турган, оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлктү;
- финансылык каражаттар, мүлк жана башка объекттер, анын ишинин натыйжасы болуп эсептелген интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгегинин продуктулары түрүндө материалдык эмес баалуулуктарды.
24. Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын жана ведомстволук мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоо, материалдык жактан сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны кармоо жана өнүктүрүү республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Корутунду жоболор
25. Улуттук агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Улуттук агенттиктин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө…Указ · 15.04.2022 · № 115
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.