# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230000902/edition/1897/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000902

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 27-декабры № 105 Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоого карата толуктоолорду киргизүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкү мазмундагы 5-, 6-, 7-абзацтар менен толукталсын: “2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор; Бишкек шаарынын мэринен Бишкек шаарында муниципалдык батир алууга сертификат алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары; 2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага

К. Конгантиев
