Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарлык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине бир жүргүнчү автобусту акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабры № 104 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине бир жүргүнчү автобусту акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине улуттук коопсуздук органдарына өткөрүп берүүсү үчүн завод номери LCK6105HGC, VIN коду LDYGCSIUIPOO31969, баланстык наркы 8893880 (сегиз миллион сегиз жүз токсон үч миң сегиз жүз сексен) сом, инвентаризациялык номери 1317 “ZHONG TONG BUS” бир жүргүнчү автобусун акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37