Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Транспорт чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабры № 103 Транспорт чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, муниципалдык коомдук транспорт менен ташуу кызматтары үчүн акы төлөө тутумун өркүндөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 69-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: «Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөмдөрдү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген дифференцияланган тариф боюнча накталай формада алууга жол берилет.».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.