# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1795-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1795-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1795-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15201/edition/1836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1795-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000839

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 10-январы № 1795-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

2024-жылдын январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна Э.Т.Байтикованы шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна Э.Т.Мамыровду шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна М.А.Сатыевди шайлоо жөнүндө.

Төрага

Н.Т. Шакиев
