# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5258/edition/1829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000830/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "кыскартылышы мүмкүн" деген сөздөр "кыскартылат" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 112-берененин 4-бөлүгүндө "154-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 155, 157-беренелеринде" деген сөздөр "154-157-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 505-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Тараптардын ортосундагы жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.";

4) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тараптардын жарашуусунун негизинде тергөөчү, сот ишти кыскартат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-3)
