# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5258/edition/1829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000830/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен жарашса жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларын кошпогондо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.";

2) 58-берененин 6-бөлүгүндө "137-беренеси, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгү" деген сөздөр "137, 154, 155-беренелери, 156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 82-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 6-пунктта "баланын" деген сөз алып салынсын;

б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-2)
