# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5258/edition/1829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000830

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 22-январы № 24 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен жарашса жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларын кошпогондо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.";

2) 58-берененин 6-бөлүгүндө "137-беренеси, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгү" деген сөздөр "137, 154, 155-беренелери, 156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 82-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 6-пунктта "баланын" деген сөз алып салынсын;

б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-2)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "кыскартылышы мүмкүн" деген сөздөр "кыскартылат" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 112-берененин 4-бөлүгүндө "154-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 155, 157-беренелеринде" деген сөздөр "154-157-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 505-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Тараптардын ортосундагы жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.";

4) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тараптардын жарашуусунун негизинде тергөөчү, сот ишти кыскартат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2023-жылдын 7-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
