# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2024
- Редакциянын күнү: 01.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23138/edition/1824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (01.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000829

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-январы № 25

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6, 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Пилоттук долбоорду өткөрүү мөөнөтү 2024-жылдын 1-октябрына чейин белгиленсин.

7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өткөрүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
