Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 „Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын „Салык төлөөчүнүн кабинети“ маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-02-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-январы № 25
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6, 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Пилоттук долбоорду өткөрүү мөөнөтү 2024-жылдын 1-октябрына чейин белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өткөрүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлу № 395 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн…Постановление · 28.07.2022 · № 395