# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы N 17-т "Мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы N 17-т "Мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 17-р
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19069/edition/1822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы N 17-т "Мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү тууралуу) тескемеси (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000828

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 24-январы № 17-т Ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган соода системасында жана Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарга тооруктардын лицензияланган уюштуруучусу - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАК) соода аянтчасында жүзөгө ашырылат;

2) ушул тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган соода системасында жана тооруктардын лицензияланган уюштуруучусу - "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын соода аянтчасында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана лицензияланган депозитарий - "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому тарабынан аткарылат;

3) мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, жүгүртүү тартиби, ошондой эле депозитардык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү баалуу кагаздарга тооруктардын уюштуруучуларынын жана депозитарийдин тиешелүү келишимдери, макулдашуулары жана ички документтери менен аныкталат.

2. "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКка мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууда жана жайгаштырууда маркетинг иштерин туруктуу негизде жүргүзүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
