Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-январы № 17-т Ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган соода системасында жана Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарга тооруктардын лицензияланган уюштуруучусу - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАК) соода аянтчасында жүзөгө ашырылат;
2) ушул тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган соода системасында жана тооруктардын лицензияланган уюштуруучусу - "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын соода аянтчасында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана лицензияланган депозитарий - "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому тарабынан аткарылат;
3) мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, жүгүртүү тартиби, ошондой эле депозитардык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү баалуу кагаздарга тооруктардын уюштуруучуларынын жана депозитарийдин тиешелүү келишимдери, макулдашуулары жана ички документтери менен аныкталат.
2. "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКка мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууда жана жайгаштырууда маркетинг иштерин туруктуу негизде жүргүзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609-т (12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдерин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү…Распоряжение · 04.11.2022 · № 609-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609-т (12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдерин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү…Распоряжение · 04.11.2022 · № 609-р · Күчүн жоготкон