# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январы № 13 "2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январы № 13 "2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23137/edition/1820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январы № 13 "2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" бекитүү тууралуу" токтому (17.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 17-январы № 13

2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол карта" (мындан ары - "Жол карта") 1-тиркемеге ылайык;

2) "Жол картаны" ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык.

2. "Жол картаны" ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргызстан калкы ассамблеясы (макулдашуу боюнча):

1) "Жол картаны" белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин "Жол картаны" ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин "Жол картаны" аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

1-тиркеме

2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "ЖОЛ КАРТА"

№

Милдеттер

Чаралар/иш-аракеттер

Аткаруу мөөнөттөрү

Күтүлгөн натыйжалар

Аткаруучулар

Каржылоо булактары

1. Жаштарды улуттук баалуулуктардын негизинде тарбиялоодо билим берүү тутумунун ролун күчөтүү

1

1.1. Маданий түрдүүлүктү илгерилетүү

1.1.1. Кыргызстандын улуттук наркы жөнүндө концепцияны иштеп чыгуу

2023-2024-жылдар

Концепцияны бекитүү жөнүндө БИМдин чечими кабыл алынды

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2

1.2. Заманбап технологиялар аркылуу баалуулуктарды, нарктарды жана тарыхый мурастарды сактоо жана өткөрүп берүү

1.2.1. Балдарды улуттук маданияттын рухунда тарбиялоо үчүн санариптик платформаны түзүү

2024-2025-жылдар

Платформаны кеминде 50000 адам колдонот

БИМ, ММСЖСМ, СӨМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

3

1.3. Маданий мурастарды жана нарктарды урматтоого тарбиялоо

1.3.1. Жалпы билим берүү уюмдарында 5-11-класстарда "Улуттук нарк жөнүндө сабактар" класстан тышкаркы программаны ишке киргизүү

2023-2024-жылдар

Мектептерде "Улуттук нарк жөнүндө сабактар" класстан тышкаркы тарбиялык сабактардын программасы ишке киргизилди

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

4

1.4. Окуучулардын улуттук рухун жогорулатуу

1.4. Мектептердеги коңгуроолорду улуттук обонго өзгөртүү

2024-2025-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды, сунуштамалар иштелип чыкты

БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

5

1.5. Окуучулардын лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча түзүү

1.5.1. Жалпы билим берүү уюмдарында "Манас", "Семетей", "Сейтек" коомдук мектеп уюмдарын түзүү

2024-2025-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды, Типтүү жобо иштелип чыкты

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

6

1.6. Окуучуларды, студенттерди улуттук маданиятка тартуу

1.6.1. Билим берүү уюмдарында улуттук маданият бурчтарын түзүү

2024-2027-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды

БИМ, ЖОЖдор, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

7

1.7. Окуучулардын, студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү

1.7.1. Окуучулар, студенттер арасында "Сармерден" фестивалын өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды, жобо бекитилди

БИМ, ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

8

1.8. Тил сабаттуулугун колдоо жана өнүктүрүү

1.8.1. Мамлекеттик тил күнүнө карата мектеп окуучулары үчүн жат жазууларды уюштуруу

Жыл сайын 2024-2027-жылдар

2000ден кем эмес мектепте жат жазуулар уюштурулду

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

9

1.9. Балдарга тарбия берүүдө ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) дараметин жогорулатуу

1.9.1. Билим берүү уюмдарынын арасында "Ата-энелер мектеби" программасын жайылтуу

2023-2027-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

10

1.10. Талдоо жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү

1.10.1. Мамлекеттик экзамендерди тапшырууда жана окуу жылынын башындагы биринчи сабактарда эссе жазууда улуттук нарк боюнча темаларды киргизүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

БИМдин чечими кабыл алынды

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2. Маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу

11

2.1. Маданий байлыкты жана улуттук иденттүүлүктү илгерилетүү

2.1.1. Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын, руханий маданиятын чагылдырган спектаклдерди коюу

Жыл сайын, 2023-2027-жылдар

Улуттук наркты чагылдырган 10 спектакль коюлду

ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.1.2. Кыргыз эл жомокторунун негизинде куурчак театрларында спектаклдерди коюу

Жыл сайын, 2023-2027-жылдар

Руханий маданиятты чагылдырган 10 спектакль коюлду

ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

12

2.2. Биримдикти жана тилектештикти бекемдөө

2.2.1. Республиканын борбордук, облустук, райондук жана шаардык аянттарында "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү жана элдик музыканы мезгил-мезгили менен уктуруп туруу

2024-2027-жылдар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын буйруктары кабыл алынды

КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

13

2.3. Маданий алмашууну илгерилетүү

2.3.1. Жаштар арасында эл аралык "Ысык-Көл досторду чакырат" этно-карнавалды уюштуруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

Сегизден кем эмес өлкө катышты

БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.3.2. Кыргызстан элдеринин улуттук музыкалык аспаптарынын конкурс-фестивалын өткөрүү

Эки жылда бир, 2024-2026-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.3.3. Нооруз майрамына жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата Кыргызстан элдеринин улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсүн уюштуруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

Катышууга 20дан кем эмес этностук коомдук бирикмелер тартылды

ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.3.4. Кыргыздардын жана Кыргызстан элдеринин улуттук кийимдеринин фестивалдарын өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ, БИМ, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

14

2.4. Маданий айырмачылыктарга жана көп түрдүүлүккө толеранттуу жана сый мамилени калыптандырууга көмөктөшүү

2.4.1. "Маданияттар диалогу" жаштар лагерин өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.4.2. "Улуттук нарк - жалпы биримдиктин башаты" темасында конференцияларды өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ, БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, УИА, ЖОЖ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.4.3. "Кыргызстан элдеринин наркынын күчү" фотокөргөзмөсүн уюштуруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

ММСЖСМдин чечими кабыл алынды

ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.4.4. "Нарк мураскорлору" жаштар элдик маданият фестивалын уюштуруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.4.5. "Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин каада-салттары жана үрп-адаттары" илимий-популярдуу жыйнактарды чыгаруу жана аларды Интернет-ресурстарга жайгаштыруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

5тен кем эмес илимий-популярдуу жыйнак чыгарылды

УИА, БИМ, ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.4.6. Ак калпак, Манас, мамлекеттик тил күндөрүнө карата илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

ММСЖСМ, БИМ, УИА, ЖОЖдор

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

15

2.5. Маданий жана табигый мурастарды сактоо

2.5.1. Кыргызстандын маданий мурастарынын маанилүү объекттерин камтыган улуттук туристтик маршруттарды иштеп чыгуу

2024-2025-жылдар

10 туристтик маршрут иштелип чыкты

Туризм департаменти

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

16

2.6. Элдик кол өнөрчүлүктү жайылтуу

2.6.1. "Салттар жана инновациялар" элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн көчмө көргөзмөсүн уюштуруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары камтылды

ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

17

2.7. Спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу

2.7.1. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас" оюндарын өткөрүү

Эки жылда бир жолу, 2025-2027-жылдар

7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты

ММСЖСМ, Дене тарбия жана спорт департаменти, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

18

2.8. Улуттук иденттүүлүктү бекемдөө

2.8.1. Кыргызстан элдеринин салттуу майрамдарынын бирдиктүү календарын түзүү

2024-2025-жылдар

Бирдиктүү календарь даярдалды жана чыгарылды

ММСЖСМ, УИА, ККА (макулдашуу боюнча)

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

19

2.9. Улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды сактоо

2.9.1. "Куттуу эл" улуттук форумун өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

200дөн кем эмес катышуучу тартылды

КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

20

2.10. Маданий мурастарды жайылтуу

2.10.1. "Улуттук гастролдор" долбоорун ишке ашыруу

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

Кыргызстандын 40 району гастролдор менен камтылды

ММСЖСМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.10.2. Ар бир облуста "Салттуу маданият жумалыгын" өткөрүү

Жыл сайын, 2024-2027-жылдар

ММСЖСМдин чечими кабыл алынды

ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

21

2.11. Маданий мурастарды сактоо жана документтештирүү

2.11.1. Кошуна мамлекеттерде жашаган кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө максатында илимий экспедицияларды уюштуруу

2024-2027-жылдар

Илимий эмгектер, броппоралар жарыяланды жана Интернет-ресурстарда жайгаштырылды

ММСЖСМ, УИА

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.11.2. Жоголуу коркунучунда турган материалдык эмес маданий мурастарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү

2024-2026-жылдар

Реестр даярдалды

ММСЖСМ, УИА

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

2.11.3. Кыргыз элинин руханий жана материалдык маданиятын изилдөө

2024-2027-жылдар

"Кыргыз наркы" популярдуу изилдөө китеби жарыяланды

ММСЖСМ, УИА, БИМ

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

22

2.12. Тарыхый эс-тутумду сактоо

2.12.1. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттери жөнүндө илимий-даректүү фильмдердин циклин даярдоо жана аларды улуттук телевидениеден көрсөтүү

2024-2027-жылдар

5тен кем эмес даректүү фильм тартылды жана көрсөтүлдү

ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

23

2.13. Өлкөнүн тарыхый ишмерлерине карата патриоттук сезимдерди жана сыйды калыптандыруу

2.13.1. Кыргызстандын тарыхый инсандарынын өмүр баянын чагылдырган анимациялык фильмдерди тартуу

2024-2027-жылдар

5тен кем эмес анимациялык фильм тартылды жана көрсөтүлдү

ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР

Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар

Кыскартуулардын тизмеси:

ККА

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган - Кыргызстан калкы ассамблеясы

ЖОЖ

\-

жогорку окуу жайлар

Туризм департаменти

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти

ММСЖСМ

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

БИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

СӨМ

\-

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги

УИА

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

УТРК

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

КРП облустардагы ЫУӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

ЭлТР

\-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы

Дене тарбия жана спорт департаменти

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти

2-тиркеме

2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ

№

Милдеттер

Индикатордун аталышы

Өлчөө бирдиги

Базалык жыл 2022

Аралыктык индикаторлор

Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр

Жооптуу орган

2023-жыл

2024-жыл

2025-жыл

2026-жыл

2027-жыл

1. Улуттук нарктын негизинде жаштарды тарбиялоодо билим берүү системасынын ролун күчөтүү

1

Кыргызстандын улуттук наркы жөнүндө концепцияны иштеп чыгуу

Концепция 2000ден кем эмес мектепте жайылтылды

бирдик

\-

\-

2000

\-

\-

\-

2000

БИМ

2

Балдарды улуттук маданияттын духунда тарбиялоо үчүн санариптик платформаны түзүү

Платформаны кеминде 50000 адам колдонот

адам

\-

\-

25000

25000

\-

\-

50000

БИМ, ММСЖСМ, СӨМ

3

Жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстарында "Улуттук нарк жөнүндө сабактар" класстан тышкаркы иштеринин программасын киргизүү

2000ден кем эмес мектепте "Нарк жөнүндө сабактар" класстан тышкаркы сабактардын программасы киргизилди

бирдик

\-

\-

2000

\-

\-

\-

2000

БИМ

4

Мектептеги коңгуроолорду улуттук обондорго өзгөртүү

2000ден кем эмес мектепте танаписке коңгуроолор улуттук обондорго өзгөртүлдү

бирдик

\-

\-

1000

1000

2000

БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ММСЖСМ

5

Жалпы билим берүү уюмдарында "Манас", "Семетей", "Сейтек" коомдук мектеп уюмдарын түзүү

2000ден кем эмес мектепте "Манас", "Семетей", "Сейтек" жаштар уюмдары түзүлдү

бирдик

\-

\-

1000

1000

2000

БИМ

6

Билим берүү уюмдарында улуттук маданият бурчтарын түзүү

2000ден кем эмес билим берүү уюмунда улуттук маданият бурчтары түзүлдү

бирдик

\-

\-

1000

1000

2200

БИМ, ЖОЖ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

7

Окуучулар, студенттер арасында "Сармерден" фестивалын өткөрүү

Жыл сайын 10000ден кем эмес окуучу, студент "Сармерден" фестивалына катышат

адам

\-

\-

10000

10000

10000

10000

40000

БИМ, ММСЖСМ

8

Мамлекеттик тил күнүнө карата мектеп окуучулары үчүн тоталдык жат жазууларды өткөрүү

Жыл сайын 2000ден кем эмес мектепте жат жазуулар өткөрүлдү

бирдик

\-

\-

2000

2000

2000

2000

2000

БИМ

9

Билим берүү уюмдарында "Ата-энелер мектеби" программасын жайылтуу

Бардык мамлекеттик мектептерге "Ата-энелер мектеби" программасы киргизилди

пайыз

\-

\-

25%

50%

75%

100%

100%

БИМ

10

Мамлекеттик экзамендерди тапшырууда жана окуу жылынын башында биринчи сабактарда эссе жазууда улуттук нарк боюнча темаларды киргизүү

Жыл сайын улуттук нарк боюнча 2ден тема киргизилет

бирдик

\-

\-

2

2

2

2

8

БИМ

2. Маданий мурастарды сактоо жана илгерилетүү

11

Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын, руханий маданиятын чагылдырган спектаклдерди коюу

Кеминде 10 спектакль коюлду

бирдик

\-

\-

10

10

10

10

40

ММСЖСМ

12

Кыргыз эл жомокторунун негизинде куурчак театрларында спектаклдерди коюу

Кеминде 10 спектакль коюлду

бирдик

\-

\-

10

10

10

10

40

ММСЖСМ

13

Республиканын борбордук, облустук, райондук жана шаардык аянттарында "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү жана элдик музыканы мезгил-мезгили менен уктуруп туруу

40 райондун жана 32 шаардын борбордук аянттарында мезгил-мезгили менен "Манас" эпосунан үзүндүлөр жана элдик музыка жаңырып турат

пайыз

\-

\-

25%

50%

75%

100%

100%

КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, ММСЖСМ

14

Жаштар арасында "Ысык-Көл досторду чакырат" эл аралык этно-карнавалын уюштуруу

Жыл сайын кеминде 8 мамлекеттен катышуучулар катышат

бирдик

\-

\-

8

8

8

8

32

БИМ

15

Кыргызстан элдеринин улуттук музыкалык аспаптарынын фестиваль-конкурсун өткөрүү

Кеминде 200 катышуучу катышты

адам

\-

\-

200

\-

200

\-

400

МКИСМП, ККА (макулдашуу боюнча)

16

Нооруз майрамына жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата Кыргызстан элдеринин улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсүн уюштуруу

Жыл сайын 20дан кем эмес этностук коомдук бирикме катышты

бирдик

\-

\-

20

20

20

20

80

ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

17

Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин салттуу кийимдеринин фестивалын уюштуруу

200дөн кем эмес катышуучу катышты

адам

\-

\-

200

200

200

200

800

ММСЖСМ, БИМ, ККА (макулдашуу боюнча)

18

"Маданияттар диалогу" жаштар лагерин өткөрүү

200дөн кем эмес катышуучу катышты

адам

\-

\-

200

200

200

200

800

ММСЖСМ

19

"Улуттук нарк - жалпы биримдиктин башаты" темасында конференция өткөрүү

200дөн кем эмес катышуучу катышты

пайыз

\-

\-

200

200

200

200

800

ММСЖСМ, БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, УИА, ЖОЖ

20

"Кыргызстан элдеринин наркынын күчү" фотокөргөзмөсүн уюштуруу

Жылына 20дан кем эмес этностук коомдук бирикме катышты

бирдик

\-

\-

1

1

1

1

4

ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

21

"Нарк мураскорлору" жаштар элдик маданият фестивалын уюштуруу

200дөн кем эмес катышуучу катышты

адам

\-

\-

200

200

200

200

800

ММСЖСМ

22

"Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин каада-салттары жана үрп-адаттары" илимий-популярдуу жыйнактарды басып чыгаруу жана аларды Интернет-ресурстарга жайгаштыруу

Илимий-популярдуу басылмалардын 5тен кем эмес жыйнагы жарык көрдү

бирдик

\-

\-

1

1

2

1

5

УИА, БИМ, ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча)

23

Ак калпак, Манас, мамлекеттик тил күндөрүнө карата илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү

200дөн кем эмес катышуучу катышты

адам

\-

\-

200

200

200

200

800

ММСЖСМ, БИМ, УИА, ЖОЖ

24

Кыргызстандын маданий мурастарынын маанилүү объекттерин камтыган улуттук туристтик маршруттарды иштеп чыгуу

10 туристтик маршрут иштелип чыкты

бирдик

\-

\-

5

5

\-

\-

10

Туризм департаменти

25

"Салттар жана инновациялар" элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн көчмө көргөзмөсүн уюштуруу

Көргөзмө 7 облуста жана Бишкек, Ош шаарларында уюштурулду

пайыз

\-

\-

25%

50%

75%

100%

100%

ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

26

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас" оюндарын өткөрүү

7 облустун жана Бишкек жана Ош шаарларынын курама командалары катышты

бирдик

\-

\-

\-

9

\-

9

9

ММСЖСМ, Дене тарбия жана спорт департаменти, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

27

Кыргызстан элдеринин салттуу майрамдарынын бирдиктүү календарын түзүү

Календарь 1000ден кем эмес нускада басылып чыкты

бирдик

\-

\-

500

500

\-

\-

1000

ММСЖСМ, УИА, ККА (макулдашуу боюнча)

28

"Куттуу эл" улуттук форумун өткөрүү

Улуттук форум ар бир облуста, Бишкек, Ош шаарларында уюштурулду

бирдик

\-

\-

2

2

3

2

9

КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, ММСЖСМ

29

"Улуттук гастролдор" долбоорун ишке ашыруу

Гастролдор 40 райондо өткөрүлдү

бирдик

\-

\-

10

10

10

10

40

ММСЖСМ

30

Ар бир облуста "Салттуу маданият жумалыгын" өткөрүү

Жыл сайын 7 облуста "Салттуу маданият жумалыгы" өткөрүлөт

бирдик

\-

\-

7

7

7

7

7

ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары

31

Коңшу мамлекеттерде жашаган кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө максатында илимий экспедицияларды уюштуруу

Уюштурулган илимий экспедициялардын саны

бирдик

\-

\-

1

1

1

1

4

ММСЖСМ, УИА

32

Жоголуу коркунучунда турган материалдык эмес маданий мурастарды табуу боюнча иштерди жүргүзүү

Реестр түзүлдү

пайыз

\-

\-

50%

75%

100%

\-

100%

ММСЖСМ, УИА

33

Кыргыз элинин руханий жана материалдык маданиятын изилдөө

"Кыргыз нарктары" изилдөөчүлүк китебинин чыгарылган нускаларынын саны

бирдик

\-

\-

500

500

500

500

2000

ММСЖСМ, УИА, БИМ

34

Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттери жөнүндө илимий-документалдык фильмдердин циклин даярдоо жана аларды улуттук телекөрсөтүү боюнча көрсөтүү

5тен кем эмес фильмдердин цикли тартылды жана көрсөтүлдү

бирдик

\-

\-

1

2

1

1

5

ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР

35

Кыргызстандын тарыхый инсандарынын өмүр баянын чагылдырган анимациялык фильмдерди тартуу

5тен кем эмес анимациялык фильм тартылды жана көрсөтүлдү

бирдик

1

1

2

1

5

ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР

Кыскартуулардын тизмеси:

ККА

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган - Кыргызстан калкы Ассамблеясы

ЖОЖ

\-

жогорку окуу жайы