# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 724
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23091/edition/1751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000743

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-декабры № 724 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 10-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүндө:

- 1-главанын 1-пунктундагы "чачыраган" деген сөз "чачыраган түз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган техникалык өзгөчөлүктүн 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров

1-тиркеме

"1-тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНУН ҮЛГҮСҮ

Сүрөт.

Кездеменин тараптарынын катышы 5:3. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзөт.

ӨҢҮ

PANTONE

CMYK

RGB

Кызыл

PANTONE 1788 С

0 - 100 - 100 - 0

255 - 0 - 0

Сары (алтын)

PANTONE Yellow С

0 - 0 - 100 - 0

255 - 255 - 0

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун негизги элементтерин түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

1. Чийме масштаб боюнча аткарылууга жана өлчөмдөрү миллиметр менен берилүүгө (МАМСТ 2.301-68), ошондой эле КМС 771-99 үчүн КР МАМСТ жетекчиликке алынууга тийиш.

2. Чиймени аткаруунун ырааттуулугунун сүрөттөлүшү аткарылат.

3. Тегерек (күндүн алкагы) 4 бирдей бөлүккө бөлүнөт, мында тегеректин ар бир бөлүгүндө күндүн 10 нуру түзүлөт.

4. Күндүн нурлары бири-бири менен байланышта түзүлөт.

5. Бардык белгилөөлөр баш тамгалар менен аткарылат.".

2-тиркеме

"2-тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНУН ТҮЗҮЛҮШ СХЕМАСЫ

СХЕМАЛЫК СҮРӨТҮ ЖАНА ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН НЕГИЗГИ ӨЛЧӨМДӨРҮ

Сүрөт.

НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРДИН ПРОПОРЦИЯЛЫК КАТЫШЫНЫН ЧИЙМЕСИ

Сүрөт.

D - нурлардын тышкы диаметри D1 - нурлардын негизинин диаметри D2 - күндүн алкагынын диаметри D3 - түндүктүн тышкы диаметри D4 - түндүктүн ички диаметри

1. Күндүн тышкы диаметри боюнча R (радиусту) алабыз жана аны 2ге бөлөбүз, андан соң горизонталдык октон 0 чекитин табабыз.

2. 0 чекитинен тартып нурлардын тышкы диаметрине чейинки аралыкты 8ге бөлөбүз.

3. 0 борборунан тартып 1 чекитине чейин түндүктүн тышкы диаметринин R (радиусун) берет.

4. Вертикалдык ок боюнча түндүктүн тышкы диаметринин төмөнкү бөлүгүнүн кесилишинде 0-1 кесиндисинин жогору жагына туура келтирип белгилеп, а-б чекиттерин табабыз.

5. Вертикалдык диаметрдин түндүктүн тышкы диаметри менен жогорку жагындагы кесилиши а-б:5х3 түзөт, мында в-г өлчөмүн алабыз. Г чекитинен тартып б чекитине чейинки аралыкты өлчөйбүз, андан соң 2ге бөлөбүз жана түндүктүн ички диаметринин R (радиусун) и O1 борборун алабыз.

Сүрөт.

Туунун 100x165 см болгон стандарттык өлчөмүндө, нурдун башталышы менен күндүн алкагынын ортосундагы аралык 0,02 мм түзөт.

КҮНДҮН 40 НУРУНУН ТҮЗҮЛҮШ ЧИЙМЕСИ

Сүрөт.

Күндүн алкагынын тегереги L=dk коэффициенти боюнча 40 бирдей бөлүккө бөлүнөт. L - хорданын узундугу, d - Ø берилген тегерек, k - коэффициент (0,078), N чекитинен тартып өлчөөчү циркуль менен күндүн тегереги боюнча 40 жолу хорда берилет. Күндүн нурларын түзүү үчүн:

1. 1-2 кесиндисин 3кө бөлөбүз, алынган чекиттерди I, II деген рим цифралары менен белгилейбиз.

2. Iден тартып IIге чейинки кесиндини 3кө бөлүп, алынган чекиттерди III, IV деген рим цифралары менен белгилейбиз.

3. 0-III нурдун чоң диаметрин берет.

4. 2-бөлүүнүн борборунда нурдун чоң диаметрин жүргүзөбүз.

5. 2 чекитинин борборунан 8 чекитине кесилишкен түз сызык жүргүзөбүз.

6. 2-3 кесиндисин 33кө бөлөбүз. 33-бөлүктүн 1-бөлүгүнөн (D2) D1ге чейин нурлардын негизинин диаметринин башталышы болот.

Нурлардын башталышына аралыгы чийме боюнча берилген күндүн негизине байланыш талап кылынат.

ТҮНДҮКТҮ ТҮЗҮҮНҮН ЧИЙМЕСИ

Сүрөт.

1. Г чекитинен 0 чекитине чейинки кесиндини алып, г чекитинен түндүктүн ички диаметрине кесилишкен R жүргүзөбүз - 1, 2 чекиттери.

2. Түндүктүн тышкы диаметринин R түндүктүн ички диаметринин кесилишине чейин жүргүзүп, 3, 4 чекиттерин табабыз, 5, 6 чекиттери ушундай эле табылат.

3. Күндүн алкагынын төмөнкү бөлүгүнүн вертикалдык огу боюнча кесилишинен М-0 + в-г радиусун жүргүзөбүз жана 7, 8 чекиттерин табабыз.

4. Кесиндини жети бирдей бөлүккө бөлөбүз: 1-5,2-6,8-3,7-4.

5. Чамгарактын хордасын табуу үчүн түндүктүн тышкы диаметрин алып, аны экиге көбөйтөбүз, бул чамгарактын догосун берет.

6. Догонун радиусун бириктиребиз 1-4, Л1-Л4, К1-К4..., чамгарактын догоосунун сол жана оң жагы ушундай эле кайталанат.

КҮНДҮН КЫРК НУРУНУН ЖАНА ТҮНДҮКТҮН АЙКАШТЫРЫЛГАН ЧИЙМЕСИ

Сүрөт.

".
