# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 9-р
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19066/edition/1730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө) (28.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000725

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 17-январы № 9-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долборлоо иштерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долборлоо иштеринин планында:

- 30-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 36-пунктта “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” деген сөздөр “Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республиксынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
